Ар кимдин колунан келет! Теракт коркунучун жоюу боюнча чалгынчынын кеңештери

Жазылуу
Коопсуздук боюнча эксперт, КР УКМК жетекчисинин мурдагы орун басары Талант Разаков мүмкүн болчу теракттардын алдын алуу үчүн ар бир кыргызстандык эмне кыла ала турганы жөнүндө Sputnik кабарчысына айтып берди.

Теракт жөнүндө кабар укканда адамда эң алгач коркуу сезими пайда болот. Бирок атайын кызматтар жана укук коргоо органдары колдорунан келгендин баарын жасап жатканы жөнүндөгү маалыматтардан кийин, ал мындай шартта өзүм эч нерсе жасай албайм деп, кесипкөйлөргө ишеним артып отуруп калат. 

Аэропорт текшерүү жайы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ош аэропортунда терактылардан улам жүргүнчүлөр кош көзөмөлдөн өтүүдө
Бирок турмуш көрсөткөндөй, оор кырдаалдарда туура аракет жасаганды билген калктын колдоосу аркасында коркунучтун бардык түрлөрүн кыскартса болот. 

Разаковдун айтымында, террористтерден эле эмес техногендик же табигый кырсыктарга да натыйжалуу каршы туруу каражаты болуп жөнөкөй эле сактык, кыраакылык эсептелет. 

Бул канчалык жупуну угулуп, канчалык айрымдар муну менин ишим эмес же орунсуз деп эсептебесин, укук коргоо органдарына убагында жеткирилген маалымат кимдир бирөөнүн өмүрүн сактай алат. Ал үчүн:

  • Ар бир адам күмөндүү буюмдарды же башка бирөөнүн шектүү аракеттерин байкап калса ага көңүл бура алат жана буга милдеттүү. 
  • Ар бир адам бейтааныш кишилер же түшүнүксүз буюмдар кандай коркунуч жаратышы мүмкүндүгүн өз жакындарына түшүндүрүшү керек. 
  • Ар бир адам эл көп топтошкон жерлерге – футбол көргөнү, концертке, киного мүмкүн болушунча азыраак барганга аракет кылышы кажет. 
  • Ар бир адам эл көп топтошкон жайларда сыртка чыгуучу бардык жолдорду же коопсуз жерлерди алдын ала билип алса ашыктык кылбайт. Бул айрыкча жаныңызда кичине балдар болсо өтө маанилүү. 
  • Интернетти, соцтармактарды же уюлдук телефонду колдонгон ар бир адам башаламандыкты жарата турган маалымат жайылып кетпешине кам көрө алат. 
  • Ар бир адам экстремисттик маанайдагы үгүт маалыматы жарыяланганы жөнүндө кабарлай алат.
  • Ар бир жаран өз компьютеринде, планшетинде, телефонунда шектүү маалыматтарды бууп салуу менен террористердин башкаларды азгыруу мүмкүнчүлүгүн жоё алат. Бул айрыкча үйдө өспүрүмдөр бар болсо, өтө чоң мааниге ээ.
  • Ар бир адам диний чакырык менен алектенген шектүү кишилерге көңүл бурбай коюу менен, алардын элди үймө-үй кыдырууларын жокко чыгара алат. Андай кишилер кайсы динге карай турганы баары бир, себеби экстремисттер христиан дининде да, исламда да, буддизмде да бар.
  • Ар бир адам өзү жашаган үйдө же кошунасыныкында өтүп жаткан шектүү жыйындар туурасында билдире алат.
  • Ар бир адам жалгыз дарак токой боло албагандай эле, бир кишинин колунан эч нерсе келбейт. Бирок муштумдай бириксе кырдаалды кескин өзгөртө ала турганын эске алса болот. 
  • Ар бир адам ушул жөнөкөй аракеттерди аткаруу менен өзүнүн жана жакындарынын коопсуздугун камсыздай алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0