Сариев суу менен электр энергиясын туура пайдаланууну тапшырды

Жазылуу
Өкмөт башчы электр энергиясы менен туруктуу түрдө камсыз кылуу жана аны эффективдүү пайдалануу эң башкы маселе экенин белгилеп, бул жаатта мамлекеттик органдардын бирдиктүү саясат жүргүзүшү керектигин билдирди.

БИШКЕК, 18-ноя. — Sputnik. Электр энергиясы менен суу пайдаланууда рационалдуу саясат зарылдыгын премьер-министр Темир Сариев өлкөнүн энергетика жана суу чарба тармагынын жетекчилери менен болгон жыйында билдирди.

Сариев: кышкы сезон боюнча тапшырманы аткарбаган органдарга кескин чаралар көрүлөт
Маалыматка ылайык, жыйында өлкөнү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу жана күз-кышкы жылуулук мезгилинде суу ресурстарын рационалдуу пайдалануу маселелери талкууланды.

Сариев электр энергиясы менен туруктуу түрдө камсыз кылуу жана аны эффективдүү пайдалануу эң башкы маселе экенин белгилеп, бул жаатта мамлекеттик органдардын бирдиктүү саясат жүргүзүшү керектигин билдирди.

"Электр энергиясы менен суу — өлкөбүздүн эң негизги байлыгы. Бул ресурстарды колдонууда ойлонулган саясат жүргүзүү зарыл", — деди өкмөт башчы.

Жыйын соңунда тиешелүү органдарга бул жаатта конкреттүү тапшырмалар берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0