Жашооң кандай, студент же "Оо, кукси, бизди ажалдан канча жолу сактап калдың"

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүЖатакана. Архив
Жатакана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаштыктын эң баалуу, кол жеткис мезгили — студенттик курак. Студенттин жашоосу жатаканада кызыктуу өтөрү баарыбызга маалым. Жатакана өз үйү болуп, бирде ач, бирде ток күндөрдүн күбөсү болгон студенттердин жашоосу бизди да кызыктырды.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Бүгүн студенттердин эл аралык күнү. Бул күндү утурлай Бишкек шаарындагы Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин жатаканасынын студенттеринин жашоосуна баш бактык.

Жатакананын каалгасын кагып, босогосун аттаганда эле студенттердин экинчи апасы болгон комендант Жамила Нишанова жылуу учурашып тосуп алды. Жатакананын ичи менен таанышып жатып, чакан маек курганга да жетиштик.

— Жатаканага кантип келип калдыңыз?

— Менин иштегениме сегиз жылдын жүзү болду. Жумуш издеп жүрүп, ушул жатаканага иштеп калдым. Кесибим боюнча экономистмин.

— Студенттер менен иштеш оор болсо керек?

Ошто студент-эгиздер акыл-эс, билим жагынан таймашат
— Иштеген бир чети оор, бир чети булар деле өз балаңдай болуп калат. Азыркы студенттердин жүрүм-туруму жакшы. Тартип бузгандар жок. Негизи жыл башында келгенде кандай тартипке салсаң, ошол боюнча кетишет. Ички тартипти сактаганга аракет кылабыз. Ички тартип өзүнө көп нерсени камтыйт. Мурун студенттерди өзүм көзөмөлдөп туруу максатында дискотека, волейболдорго барчумун. Алар менен чогуу болгондо күлк-мүнөзүн да билгенге мүмкүнчүлүк болот. Студентердин эл аралык күнүнө карата сынак өткөрөбүз. Студенттер эки топко бөлүнөт, утулган команда ишембилик жасайт. Студенттердин майрамына карата ашкананы жаңы плиталары менен колдонууга бергени турабыз. Буга чейин ар ким өз мүмкүнчүлүгүнө жараша бөлмөсүнөн тамак жасап келишкен.

Кыздуу үйдө кыл жатпайт…

Жатакананын астынкы кабаттарында кыздар, үстүңкүлөрүндө балдар жашайт экен. Биз кыздардын бөлмөсүнөн баштадык. Бөлмөлөрү жылуу, таза экен. Көбү окуудан келип, курсактын камын көрүп жатышыптыр. Алардын бири Динара.

— Бөлмөнү кезектешип жыйнап, тамак жасамай го ээ?

— Кезектешмей жок, ким бош болсо кыла берет. Көбүнчө сатып келип жейбиз да.

— Азыр эмне менен алектенип жатасыз?

— Кечки тамактын камын көрүп, картошка куурайын деп жатам. Биздики ушундай окууда жүрүп кеч келебиз, анан эле тамак жасап, кайра сабак окуп эле уктамай.

Константина Юдахиндин жаштар аллеясындагы эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда баарынан казакстандык жана индиялык студенттер көп
Балдар кандай жашайт?

Кыздардын бөлмөсүнөн чыгып, эркек балдардын бөлмөсүнө бет алдык. "Коридор эмнеге караңгы?" деген суроого комендант айым "Күндүзү жарыкты үнөмдөө керек" деген жообун узатты. Балдардын бөлмөлөрүнө баш багып, ар кандай кызыктуу учурлардын үстүнөн чыгып жаттык. Биз биринчи баш баккан бөлмөдөгү Саламат аттуу студент досу Мирбекти куурдак кууруп туулган күнүнө чакырыптыр. Балдардын колунан жасалган тамактан биз да ооз тийдик.

Уурдаган этти иттер менен талашканбыз

Өзүн Самат деп тааныштырган бала студенттик күндөрдө болгон кызыктуу окуялары менен бөлүштү.

"Экинчи курста болсом керек. Уктап жаткам, түнкү саат экиде балдар эшикти такылдатып калышты. Ачсам эт көтөрүп келиптир. Көрсө алар үстүнкү кабаттагы нарындык кыздардын этин уурдап келишиптир. Бөлмөгө киргендер этти көрүп калбасын деп аны баштыкка салып, терезеге коюп койдук. Бирок терезени жапканда ал жерге түшүп кетти. Эки досум эшикке чуркап чыкса, иттер баштыктагы этти жулмалап жатыптыр, аларды кубалап, этти алып калышкан. Этти асып жегенбиз", — деп айтып берди.

"Оо, кукси, канча жолу бизди ажалдан сактап калдың"

Фатима бул жатаканада үч жылдан бери жашап келет. Ал жатаканада ыйлаган да, сүйүнгөн да күндөр болорун, ата-энеси берип жиберген тамак-аш көп болсо эки жумага жетерин айтат.

"Айылдан келген тамак бүткөндөн кийин биздин сүйүктүү тамак кукси менен достошобуз. Кээде, "Оо, кукси, канча жолу бизди ажалдан сактап калдың", — деп рахмат айткан күндөр болот. Бул жактан чындыгында жашаганды үйрөнөт экенсиң", — дейт ал.

Азыркы студенттер жөнүндө кызыктуу фактылар: 

Студенттер окуу жай менен үйлөрүнөн сырткары барган эң көп үч жер: ашкана, китепкана, көңүл ачуучу жерлер.

Алар күнүнө 100-200, айына  орто эсеп менен 1000 — 5000  сом коротушат. 

Үнөмчүл студенттер бир күндө 20 же 50 сом сарпташат.

Жатаканада жашаган айрым студенттер күнүнө 16 сомго нан алып, ошого каниет кылат экен.

Быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрү арасында кайсы кесипке суроо-талап көп болгонун Sputnik инфографикасынан көрүңүз>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0