Маданият министрлиги: тоо-лыжа базалары эч бир мыйзамга баш ийбейт

© Фото / Сергей ЕршовКыргызстандагы тоо-лыжа курорту. Архив
Кыргызстандагы тоо-лыжа курорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туризм жаатындагы укук-ченем актыларын инвентаризациялоо бир да документ мамлекеттеги тоо-лыжа курортторунун ишмердүүлүгүн тейлей албай турганын аныктаган.

БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда тоо-лыжа курортторунун ишин бир да укук-ченем акты тескебей турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаменти билдирди.

Буга чейин премьер-министр Темир Сариев Туризм департаментине Адилет министрлиги менен биргеликте республикадагы тоо-лыжа мекемелеринин стандартын бекитүү үчүн укук-ченемдик актыларды инвентаризациядан өткөрүүнү тапшырган.

"Учурда аталган курорттордун ишин тескей турган бир да документ жок экени аныкталды. Ал эми мындай документ база менен курорттордун кийинки иш-аракеттери үчүн зарыл", — деп айтылат билдирүүдө.

Мыйзамдагы мындай кемчиликтерден арылуу үчүн "КРдагы тоо-лыжа базаларынын стандартын тууралуу жобону бекитүү жөнүндө" токтомдун долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынган. Анын курамына бир катар министрлик-мекемелер менен туристтик ассоциациялар кирди.

Кыргызстандын тоо лыжа базалары тууралуу Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0