Болочок чек арачыларды психологдор текшерет

© Фото / пресс-служба ГПС КРЧек арачылар. Архив
Чек арачылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Психологдордун тобу быйылкы жылдын жаз жана күз айларында Каракол, Айдаркен жана Ош шаарларында армияга чакырылган уландар менен иштешти. Бул үчүн ЖОЖдор менен атайын келишимдер түзүлгөн.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Чек ара кызматына армияга чакырылган жаңы курам менен психологдор иштеп жатканын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Чек ара кызматынын 500 жоокери мекенди коргоого ант берди
Маалыматка ылайык, быйылкы жылы киргизилген мындай практика кызмат өтөй турган жарандардын психологиясынын туруктуулугун жана кийинки аскердик кызматка жарамдуулугун аныктайт. 

Чек ара кызматында үч окуу борбору түзүлүп, эки айдын аралыгында аскердик кызматтын негиздери менен тааныштыруучу жаш жоокердин курсунан өтүү каралган. Психологдордун тобу быйылкы жылдын жаз жана күз айларында Каракол, Айдаркен жана Ош шаарларында армияга чакырылган уландар менен иштешти. Бул үчүн ЖОЖдор менен атайын келишимдер түзүлгөн.

"Акыркы жылдары аталган кесипке жарамдуулук боюнча тандоо дээрлик жүргүзүлбөй келген, мындан улам кызмат өтөөгө чакырылгандардын социалдык адаптациялануусу кыйла татаалдашып кеткен. Андыктан, тест, сүйлөшүү жана башка ыкмалар менен жарандын потенциалын аныктап берген психологдордун сунуштары биз үчүн абдан маанилүү", — деп айтылат билдирүүдө.

Кызматтын маалыматында алгачкы тажрыйбалар өз жемишин берүүдө. Жетекчилик "Психология" кафедрасынын бүтүрүүчүлөрү Чек ара кызматында практикадан гана өтпөстөн кийин ушул жерде иштеп калуусуна шарттар түзүлө турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0