Бишкектин айрым көчөлөрү футболдук беттеш күнү 10 саатка жабылат

Жазылуу
Кыргызстан менен Иорданиянын курама командаларынын беттешинен улам, 17-ноябрда борбор калаанын бир катар жолдору түнкү саат 12.00гө чейин жабылат.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 17-ноябрда Кыргызстан – Иордания курама командалары беттеше тургандыктан стадионго жакын жайгашкан жолдор саат 14.00дөн 24.00гө чейин жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Фрунзе көчөсү Эркиндик көчөсүнөн Исанов көчөсүнө чейин жабылат. Тоголок Молдо көчөсү Чүй преспектисинен Жибек Жолу көчөсүнө чейин жабык болот. Ал эми Киев көчөсүнө маал-маалы менен чектөө киргизилет.

Арбитр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан — Иордания беттешүүсүн түркмөнстандык арбитр тейлейт
Бишкек шаардык жол кайгуул кызматы айдоочуларду бул маалыматты эске алуусун өтүнөт.

Беттешүүгө түркмөнстандык арбитрлер калыстык кылат. 

Кыргызстан менен Иорданиянын курама командалары 2018-жылы болчу Дүйнө чемпионатынын тандоо раунддарынын алкагында беттешет. Кыргызстан буга чейин Австралия менен Канберра шаарында беттешип 3:0 эсебинде утулуп калган. Ошентип, КРдин курама командасы 2018-жылы Россияда болчу Дүйнө чемпионатына катышуу боюнча бардык мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарды. Эми 2019-жылы Бириккен Араб Эмирлигинде өтө турган Азия чемпионатына жолдомо үчүн аракет кылат.

Кыргызстан – Иордания футболдук матч учурунда Бишкектин жол кыймылынын жабылышы
Кыргызстан – Иордания футболдук матч учурунда Бишкектин жол кыймылынын жабылышы - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан – Иордания футболдук матч учурунда Бишкектин жол кыймылынын жабылышы

Жаңылыктар түрмөгү
0