Энесай кыргыздарынын жашоосун чагылдырган альбом жарыкка чыкты

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Энесай кыргыздары" көргөзмөсүндөгү петроглифтер. Архив
Энесай кыргыздары көргөзмөсүндөгү петроглифтер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Альбом сегиз баптан туруп, анда Энесай кыргыздарынын 90дон ашуун күнүмдүк пайдалануучу буюмдарынын сүрөтү берилген.

БИШКЕК, 16-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда тарыхчы, түрколог Кылыч Эсен уулунун "Энесай кыргыздары" аттуу иллюстрацияланган альбому жарык көргөнүн Маданият, маалымат жана туризм министрлиги кабарлады.

Свякбай Каралаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Манас" эпосу жөнүндө кызыктуу 15 факты
Билдирүүгө ылайык, басылма Энесай кыргыздарына арналып, алардын түпкү теги, маданияты, чарбасы, кол өнөрчүлүгү, аскер иши жана көркөм өнөрү чагылдырылган.

Альбом сегиз баптан туруп, анда Энесай кыргыздарынын 90дон ашуун күнүмдүк пайдалануучу буюмдарынын сүрөтү берилген. 

Министрликтин билдирүүсүндө альбом шаардын бир катар дүкөндөрүнө сатыкка түштү.

Жаңылыктар түрмөгү
0