Кыргызстанда малдын башы көбөйүүдө

© Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүУйлар. Архив
Уйлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпы айыл чарба өндүрүшүндө мал чарбачылыгындагы продукциянын көлөмү 45 пайызды түзөт.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда жыл башынан бери мал чарбачылыгындагы продукциянын негизги түрүн өндүрүү көлөмү жогорулаганын Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Маалыматка ылайык, этке төгүү үчүн мал жана канаттуу багуу республиканын бардык аймагында жанданганы байкалган, мында анын көлөмү 2,7 пайызга өскөнү белгилүү болду. Сүт өндүрүү 2,6 пайызга жогоруласа, малдын башы көбөйгөнүнөн улам жүн 2,3 пайызга көп алынган.

Жалпы айыл чарба өндүрүшүндө мал чарбачылыгындагы продукциянын көлөмү 45 пайызды түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0