Бишкекке жаңы таштанды челектер келди

© Фото / пресс-служба мэрии города БишкекМусорные контейнеры которые получила мэрия в рамках проекта ЕБРР.
Мусорные контейнеры которые получила мэрия в рамках проекта ЕБРР. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муниципалитет пластиктен жасалган челектер шаардык мектептерге орнотуларын белгилейт.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Жаңы таштанды челектердин алгачкы партиясы Бишкекке алып келингенин шаардык муниципалитет билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда 600 цинктелген жана 300 пластик челектер даяр турат. Жалпы жонунан 5326 таштанды челектин келиши күтүлүүдө.

"Пластик челектер шаардын мектептерине орнотулат. Мындан тышкары курулуш таштандысы үчүн ири челектерди алып келүү каралган", — деп айтылат билдирүүдө.

Жаңы челектер европалык стандартта жасалган. Арт жагынан жүктөлө турган челектер 15 жылдын айланасында кызмат кылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0