Ошто өзүм билемдик менен курулган 13 объектинин тагдыры чечилет

© AFP / Gil Cohen Magen/POOLСот балкасы. Архив
Сот балкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарынын башкы архитектору Ажымурат Жолдошев мыйзамсыз салынган курулуштарды аныктоо жана аларды жоюу боюнча иштер дайым аткарылып турарын белгиледи.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Ош шаарында III кварталда өзүм билемдик менен салынган 13 объект аныкталганын Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги билдирди.

Дело папкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мыйзамсыз курулган 4 кабаттуу үйгө уруксат берген кызматкерлерге кылмыш иши козголду
Маалыматка ылайык, агенттиктин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан төрт объектинин ээсине эскертүү берилсе, дагы беш материал Мамлекеттик экология-техникалык инспекциясына жөнөтүлгөн. Мындан тышкары, төрт объект боюнча материалдар сотко берилди.

Ош шаарынын башкы архитектору Ажымурат Жолдошев мыйзамсыз салынган курулуштарды аныктоо жана аларды жоюу боюнча иштер дайым аткарылып турарын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0