Нарындын окуучулары орус тилинде катыра сүйлөйт

© Sputnik / Андрей Иглов / Медиабанкка өтүүОрус тил китептери. Архив
Орус тил китептери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук тестирлөө борбору изилдөө жүргүзүп, 8-класстын окуучуларын беш сабак боюнча баалашкан.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда орус тилин билүү боюнча Нарын менен Ош облустарынын окуучулары биринчи орунда турары Улуттук тестирлөө борбору жүргүзгөн изилдөөнүн алкагында белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, психометриялык анализдин негизинде жүргүзүлгөн изилдөөгө бардык облустар менен Бишкек шаарындагы 8-класстардын 4299 окуучусу катышып, баалоо математика, физика, химия, кыргыз жана орус тилдери сыяктуу негизги предметтер боюнча жүрдү.

Вице-премьер-министр Эльвира Сариева - Sputnik Кыргызстан
Сариева: мектеп мугалимдери жапырт кайра окутулат
Натыйжада Нарын менен Оштун окуучулары орус тилин мыкты билүү боюнча биринчи орунда турса, экинчи сапты Жалал-Абад ээлеген. Кыргыз тили боюнча да аталган үч облус алдыңкы катарда турат. Ал эми Талас менен Чүйдүн окуучулары тилди жакшы өздөштүрө албаганы белгилүү болду. 

Математика боюнча Жалал-Абад менен Ош облустарынын окуучулары мыкты аталса, чүйлүктөр эң начар көрсөтүкчтөргө ээ болушкан. 

Физика боюнча Ош облусу алдыга чыкса, Чүй менен Таластын окуучулары аталган предметти жакшы билбей турганы аныкталган. 

Ал эми химия боюнча Ош, Чүй жана Нарындын окуучулары жакшы көрсөткүчтөргө ээ болду. Эң начар көрсөткүчтү Баткен менен Таластын окуучулары көрсөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0