Беш миллионунчу кыргызстандык быйыл биринчи мүчөлүү жашын белгиледи

© пресс-служба мэрии города БишкекБорбор калаанын башчысы Кубанычбек Кулматов Кыргызстандын беш миллионунчу жашоочусу Тынчтыкбек Курамаевге портативдүү компьютер белекке тартуулады.
Борбор калаанын башчысы Кубанычбек Кулматов Кыргызстандын беш миллионунчу жашоочусу Тынчтыкбек Курамаевге портативдүү компьютер белекке тартуулады. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тынчтыкбек Курамаев 2002-жылдын 27-августунда төрөлүп, шаардык муниципалитеттин камкордугуна алынган.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Борбор калаанын башчысы Кубанычбек Кулматов Кыргызстандын беш миллионунчу жашоочусу Тынчтыкбек Курамаевге портативдүү компьютер белек кылганын муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Бишкетин борбор аянттагы болгон концерттин күйөрмандары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Статком алты миллионунчу кыргызстандык 26-ноябрда төрөлөрүн тактады
Тынчтыкбек Кенжебек Курамаев менен Бакбүбү Жапарованын үй-бүлөсүндө 2002-жылдын 27-августунда жарык дүйнөгө келип, шаардык муниципалитеттин камкордугуна алынган.

Учурда Тынчтыкбек 13 жашка толду, ал Бишкектеги №2 мектептин 7-классында окуйт. Ушул эле окуу жайдын 4-классында анын карындашы кичинекей Айдана билим алат.

Мэриянын билим берүү башкармалыгы Курамаевге ар убак колдоо көрсөтүп турат.

"Мектепте Тынчтыкбекти жакшы окуган, сый-урматка татыктуу бала катары мүнөздөшөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Ымыркайдын буту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын кайсы аймагында ымыркай көп төрөлөт?
2002-жылы баланын ата-энесине шаардын чок ортосунан үч бөлмөлүү батир берилген. Тынчтыкбектин айтымында, ал көркөм жана фантастикалуу адабиятка кызыгып, самбо менен машыгат.

Кулматов балага ийгилик каалап, коюлган максаттарынын орундалышын каалады.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча ноябрь айынын соңунда Кыргызстандын алты миллионунчу тургуну төрөлүшү керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0