Даңк ордени өзүнүн Кыргызстандагы ээсин 70 жылдан кийин тапты

© пресс-служба РоссотрудничествоУлуу Ата Мекендик согуштун ардагери таластык Анвар Курамаев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Адрей Крутьконун колунан III даражадагы Даңк орденин алды.
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери таластык Анвар Курамаев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Адрей Крутьконун колунан III даражадагы Даңк орденин алды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуу Ата Мекендик согушка катышкан жоокер быйыл 90 жылдыгын белгиледи.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери таластык Анвар Курамаев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Адрей Крутьконун колунан III даражадагы Даңк орденин алды. Бул тууралуу Росскызматташуу билдирет.

Арчалыда согуш ардагерлерине замбиректен эстелик орнотулду
Салтанатка элчи менен бирге Коргонуу иштери боюнча комитеттин өкүлдөрү катышты.

Быйыл ардагер өзүнүн 90 жылдыгын белгиледи. Анвар Курамаев аскерге 1943-жылы чакырылып, 2-Белорус фронтунун 116-танкалык бригадасынын курамында пулеметчу болгон. Берлинди алууга катышып, Рейхстагдын жанынан жарадар болгон. Көрсөткөн каармандыгы үчүн 1945-жылдагы буйрук менен III даражадагы Даңк орденине көрсөтүлгөн.

Сыйлык өз ээсин 70 жылдан кийин тапты.

Жаңылыктар түрмөгү
0