Чуулгандуу №50 түрмөнүн мурдагы начальниги камакка алынды

Жазылуу
Абак жайдын мурдагы жетекчиси Иманкул Телтаев түрмөдөн качып чыгып баратып ЖАМК кызматкерлерин өлтүрө кеткен кылмышкерлерге байланышкан иш боюнча учурда убактылуу кармоо жайына отургузулду.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Камакта отурган кылмышкерлер мындан бир ай мурун качып чыккан 50-түрмөнүн мурдагы жетекчиси Иманкул Телтаев кармалып, учурда убактылуу кармоо жайына отургузулганын ИИМдеги булактар Sputnik маалымат агенттигине билдирди.

Жаза аткаруу кызматынын маалымат кызматы бул кабарды тастыктады.

“Азыр ал Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоо жайында ЖАМК кызматкерлерин өлтүрүп түрмөдөн качып кеткен кылмышкерлерге байланыштуу кылмыш иши боюнча отурат”,- деди маалымат кызматынан.

21-октябрда ЖАМК төрагасы Алик Мамыркуловдун буйругу менен №50 түрмөнүн жетекчиси Телтаев жумуштан кетип, жеке курамы алмаштырылганын аталган кызмат билдирген. Анын себебин ЖАМКтан “ишиндеги олуттуу кемчиликтер үчүн — тогуз кылмышкердин түрмөдөн качып чыгышына жол бергенинен улам жумуштан бошотулду” деп билдирген. 

Ички иштер министри Мелис Турганбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Турганбаев: Итибаевдин "Достукта" экенин милиция так билген эмес
2015-жылдын 11-октябрынан 12сине караган түнү Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 түрмөдөн тогуз кылмышкер качып чыккан. Аларды токтотууга аракет кылган ЖАМКтын үч кызматкери өлтүрүлүп, дагы бири оор жаракат алган. Жарадар болгон офицер беш күндөн кийин ооруканада эсине келбей каза болгон.

Качкан кылмышкерлердин бешөө ошол эле түнү кармалып, төртөө из суутканга үлгүргөн. Атайы операциянын натыйжасында алардын экөө жок кылынды. Бирөөсү Эдил Абдырахманов 22-октябрда "Ала-Тоо" айылынан кармалган. Ал эми түрмөгө кайтарылган кылмышкерлердин үчөө ооруканадан үч күндүн ичинде каза болгон. Ошол эле күнү качып жүргөндөрдүн акыркысы Алтынбек Итибаев "Достук" кичи районунда ИИМ жүргүзгөн атайын операция учурунда жок кылынган.

№50 түрмөдөн кылмышкерлер качкандан кийинки окуялардын өрчүү иретин Sputnik инфографикасынла көрө аласыздар>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0