Ахматбек Келдибеков жарым-жартылай акталды

© Sputnik / Эркин АлымбековАхматбек Келдибеков соттон чыгууда.
Ахматбек Келдибеков соттон чыгууда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейшемби күнү Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Ахматбек Келдибековго карата өкүм чыгарып, аны актады.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Ахматбек Келдибеков "Коррупция" беренеси боюнча акталып чыкканын Sputnik агенттигинин журналисти жеринен билдирди.

Сот өкүмүндө айтылгандай, Келдибековго коюлган айып толугу менен далилденген эмес. 

"Келдибековго карата коюлган айыптар тергөөнүн божомолуна гана негизделген", — деп айтылат өкүмдө. 

Келдибеков: чындыктын негизинде чечим чыкты
Сот Жогорку Кеңештин мурунку төрагасы Келдибековду "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча күнөөлүү деп таап, парламентте атайын өкүлчүлүк түзгөндүгү, негизинен мамлекеттик каражатты чыгымдаганы үчүн үч миллион сом айып салды.

Келдибеков 2013-жылдын ноябрь айында кармалып, УКМК абагына киргизилген. Ага Салык кызматын, Социалдык фонд жана парламентти жетектеп турганда коррупциялык иштерге барган деп айыпталган. Оорсунан улам ага сот чет өлкөдө дарылануудан өтүп келүүгө уруксат берген. Экс-депутат өткөн жылдын 14-августунда Кырызстандан чыгып кетип, 2015-жылдын 11-февралында кайтып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0