Кыргызстандык күйөрмандар беттеш алдында башкы машыктыруучу Крестинин менен жолугушту

© фото предоставлено Бермет ТологоновойКыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Австралияда жашап жаткан күйөрмандар менен.
Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Австралияда жашап жаткан күйөрмандар менен. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы машыктыруучу оюнчулар жеңишти камсыз кылабыз деген ишенимдүү ойдо экенин айтты.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин Австралияда жашап жаткан күйөрмандар менен жолукту. Бул тууралуу беттеш үчүн Бишкектен атайын Канберра шаарына учуп барган Бермет Төлөгөнова билдирди.

Кыргызстан менен Австралиянын курама командалары 2018-жылы боло турчу Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо раунддарынын алкагында беттешүүдө. Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 15.00дө Канберра шаарында өтөт.

© фото предоставлено Бермет ТологоновойКыргызстан менен Австралиянын курама командалары 2018-жылы боло турчу Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо раунддарынын алкагында беттешүүдө
1/3
Кыргызстан менен Австралиянын курама командалары 2018-жылы боло турчу Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо раунддарынын алкагында беттешүүдө
© фото предоставлено Алтынбеком УсеновымОюн Бишкек убактысы боюнча саат 15.00дө Канберра шаарында өтөт
2/3
Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 15.00дө Канберра шаарында өтөт
© фото предоставлено Алтынбеком УсеновымКрестинин кыргызстандык күйөрмандарга команданы сүрөөнгө алып, колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылыгын билдирди.
3/3
Крестинин кыргызстандык күйөрмандарга команданы сүрөөнгө алып, колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылыгын билдирди.
1/3
Кыргызстан менен Австралиянын курама командалары 2018-жылы боло турчу Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо раунддарынын алкагында беттешүүдө
2/3
Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 15.00дө Канберра шаарында өтөт
3/3
Крестинин кыргызстандык күйөрмандарга команданы сүрөөнгө алып, колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Крестинин кыргызстандык күйөрмандарга команданы сүрөөнгө алып, колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

"Крестинин команда жеңишке жетебиз деген ойдо экенин белгиледи. Ошондой эле, оюндан кийин футболчулар менен күйөрмандардын жолугушуусу болот", — деди Төлөгөнова.

Крестинин: Австралияда өзүбүздү ишенимдүү сезип жатабыз
Андан сырткары бул беттешке Австралиянын түрдүү шаарларында жашаган кыргызстандыктар да келип жатат. Мельбурн шаарынан атайын бул беттешти көрүү үчүн мекендешибиз Алтынбек Усенов да келген. Учурда алар беттеш боло турчу GIO Stadium стадионунун алдында турушат. 

Бул беттеште Кыргызстандык күйөрмандар үчүн атайын 140 орун бөлүнгөн. Ал үчүн бардык билеттер сатылып алынган. Алардын арасында Футбол федерациясынын делегациясы үчүн да орундар каралган. 

GIO Stadium стадионуна 25 миң 11 күйөрман батат.

Эки команда буга чейин Бишкек шаарында беттешип, австралиялыктар 1:2 эсебинде жеңишке жеткен. 

Беш оюндун жыйынтыгы менен Иордания 13 упай менен ишенимдүү түрдө биринчи орунда келе жатат. Экинчи орунда тогуз упай менен австралиялыктар келе жатат, анын запаста дагы бир оюну бар. Кыргызстан сегиз упай менен үчүнчү орунда. Төртүнчү орунду эки упай менен Тажикстандын командасы камсыздаса, болгону бир упай менен Бангладеш акыркы орунда.

Жаңылыктар түрмөгү
0