Акыйкатчынын кызматына конкурс жарыяланды

© Sputnik / Сергей Субботин / Медиабанкка өтүүПортфелдер. Архив
Портфелдер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы акыйкатчынын ишин депутаттар үстүбүздөгү жылдын июнь айында канааттандырарлык эмес деп таап, кызматынан кетиришкен.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын акыйкатчысы болом деген талапкер 20-ноябрдан кечиктирбестен арызын бериши керек. Бул туурасында Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады. 

Акыйкатчы аппаратын орун басарлар жетектейт
Алар тараткан маалыматта талапкер Кыргызстандын жараны, 30-65 жаш арасында болушу, мамлекеттик жана расмий тилди билиши шарт экендиги жазылган. Андан сырткары, мурда кийин соттолбогон болушу керек.

Июнь айында мурдагы акыйкатчы Бакыт Аманбаев кызматынан кеткен. 2014-жылга карата отчетун угуп, канааттандырарлык эмес деген баа берген ЖК депутаттары 25-июнда көпчүлүк добуш менен аны акыйкатчы кызматынан бошоткон

Учурда анын кызматын орун басары Гүлнара Жамгырчиева аткарып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0