Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайы 75 жылдык мааракесин белгилейт

© Sputnik / Табылды КадырбековНоталар жазылган кагаз. Архив
Ноталар жазылган кагаз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1940-жылдын 1-сентябрында эшигин биринчи жолу ачкан окуу жай төрт жылдан соң алгачкы карлыгачтарын уядан учурган. Дагы бир жылдан кийин окуу жайга залкар эл композитору, кыякчы, комузчу Муратаалы Күрөңкөевдин ысымы ыйгарылган.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Бүгүн Муратаалы Күрөңкөев атындагы кыргыз мамлекеттик музыкалык училищеси 75 жылдык мааракесин белгилей турганын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Скрипачтар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жатакананын жоктугунан музыкалык мектептин студенттери окуусун таштоого аргасыз
Ага ылайык, саат 12.00дө Сатылганов атындагы улуттук филармонияда салтанаттуу иш-чара өтүп, ал ири программадагы концерт менен коштолот. 

1940-жылдын 1-сентябрында эшигин ачкан окуу жай төрт жылдан соң алгачкы карлыгачтарын уядан учурган. Дагы бир жылдан кийин окуу жайга залкар эл композитору, кыякчы, комузчу Муратаалы Күрөңкөевдин ысымы ыйгарылып, анын атына стипендия бекитилген. белгилүү композиторлор Насыр Давлесов, Сейдалы Медетовдор биринчи стипендиант болуп, биринчи кызыл дипломду кийин узак жылдар бою вокалдык бөлүмдү жетектеген Тамара Виленчик алган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0