ШИИБ: 13 күндөн бери дайынсыз жоголгон жаран интернет-клубда "Дота" ойноп жүргөн

© Sputnik / Табылды КадырбековКомьютерде иштеп жаткан адам. Архив
Комьютерде иштеп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айтымында, бул аталган жарандын эч кимге айтпай жоголуп кеткен биринчи эле учуру эмес экен.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. 13 күндөн бери дайынсыз жоголгон жаран интернет-клубда "Дота" компьютердик оюнун ойноп жүргөнүн Sputnik агенттигине Бишкектин ШИИБи билдирди.

Компьютердин клавиатурасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаш бала компьютерде 2 000 саат ойногондон кийин каза болуп калды
Шаардык милиция 29-октябрдан үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келбеген Чыңгыз Чыналиевге издөө жарыялаган. Анын натыйжасында жоголуп кеткен жаран шаршемби күнү интернет-клубдан табылган.

Укук коргоо орган кызматкерлеринин айтымында, бул аталган жарандын эч кимге айтпай жоголуп кеткен биринчи эле учуру эмес. Чыналиев күндөп-түндөп оюнга баш-оту менен кирип кете алат. Милиция жарандын ата-энесине таянуу менен анын бул компьютердин оюн мелдешине катышуу үчүн Казакстанга барганын маалымдайт.

"Аны дайым улуу агасы таап келчү экен. Сүйлөшүп, айрым учурда таяктаганга чейин барчу экен. Бирок тарбиялай албаптыр. Дайым эле "башка ойнобойм" деп сөз берип коюп, кайра эле баягы таз кейпине түшчү экен", — деп айтылат билдирүүдө.

Чыналиев үй-бүлөлүү, бир баласы бар. Учурда ал таксист болуп иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0