Ала-Бука райондук кинотеатрынын имараты көз алдыда кыйроодо

© пресс-служба Минкультуры КРЖалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы кинотеатрдын имараты
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы кинотеатрдын имараты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Жалал-Абад облусундагы маданий мекемелерди кыдырып, андагы көйгөйлөрдү аныктады.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы кинотеатрдын имараты көз алдыда урап түшүп жатканын мекеменин директору Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Бактыбек Секимовдун облустун маданий мекемелерин кыдыруусу учурунда билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда кинотеатрдын кичи залы гана иштеп, чоң залынын шыбы менен полу түшүп калган.

"Азыр көрөрмандар кичи залга гана келүүдө. Аны өз каражатыбызга оңдоп алганбыз. Чоң зал көз алдыбызда кыйрап жатат", — деди мекеме жетекчилиги.

Мындан тышкары, директор техникадан Кинематография департаменти тарабынан берилген проектор гана бар экенин белгилеп өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0