Чек ара кызматынын 500 жоокери мекенди коргоого ант берди

© пресс-служба ГПС КРЖоокер салтанаттуу ант берүүдө.
Жоокер салтанаттуу ант берүүдө. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ант берген жаш жоокерлер чек ара тосотторунда аскердик милдетин өтөө үчүн бөлүштүрүлөт.

БИШКЕК, 9-ноя. — Sputnik. Мамлекеттик чек ара кызматына аскердик милдет өтөө үчүн чакырылган 500 жоокер салтанаттуу ант беришти. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Алар эки ай бою Ысык-Көл, Айдаркен жана Ош чек ара отряддарында жалпы аскердик даярдыктан өтүшкөн. 

Айдаркен, Каракол жана Ош шаарларында жаш жоокерлер салтанаттуу ант беришти. Ага Чек ара кызматынын, жергиликтүү органдардын өкүлдөрү жана жоокерлердин жакындары чек ара кызматынын ардегерлери катышты.

"Ант берип жатып, силер Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын коргоо жөнүндө милдетти өзүңөргө алдыңар. Аскердик анттын сөзүнө маани берсеңер, ал аскердик кызматтын маңызын түзөрүнө ишенесиңер", — деп Чек ара кызматынын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси Руслан Закиров белгиледи.

Аскердик ант берүү аскер бөлүктөрүндө майрам күн болуп саналат. Ант берген жаш жоокерлерге бул күнү жакындары жана туугандары менен жолугуу үчүн дем алуу берилет. 

Эми жоокерлер чек ара тосотторунда аскердик милдетин өтөө үчүн бөлүштүрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0