Кары-картаңдардын социалдык активдүүлүгү талкууланат

Жазылуу
Жолугушууну уюштуруп жаткан "Карылар үчүн ресурстук борбор" коомдук уюму жана "Шаардык демилге" коомдук фонд карылар маселесине кайдыгер карабаган жарандарды талкууга катышып, өз ой-пикирин билдирүүгө чакырат.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Бишкекте жаш режиссерлордун Кыргызстандын кичи шаарлары тууралуу тартылган социалдык роликтери көрсөтүлө турганын уюштуруучулар билдирди.

Маалыматка ылайык, "Кичи шаарлар кары адамдын көз карашы менен" деген аталыштагы иш-чара 10-ноябрь күнү өтөт. Мында режиссерлор Кемин, Таш-Көмүр, Талас жана Каракол шаарлары тууралуу тартылган роликтер көрсөтүлөт.

Кемпирдин колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев тоодо күн кечирген 40 жаштагы пенсионерлер тууралуу айтып берди
Иш-чарада мындан тышкары, аталган шаарлардагы кары-картаңдардын орду жана ролу тууралуу изилдөөнүн жыйынтыгы талкууланмакчы. 

Жолугушууну уюштуруп жаткан "Карылар үчүн ресурстук борбор" коомдук уюму жана "Шаардык демилге" коомдук фонд карылар маселесине кайдыгер карабаган жарандарды талкууга катышып, өз ой-пикирин билдирүүгө чакырат. 

Кирүү акысыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0