Кыргызстан менен Индонезия ТИМдери "Ислам мамлекетине" каршы аракеттерди талкуулады

© AFP / MARWAN IBRAHIM"Ислам ммамлекетинин" желеги. Архив
Ислам ммамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки өлкөнүн өкүлдөрү саясий, соода-экономикалык жана башка маанилүү маселелер боюнча пикир алмашты.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Кыргызстан менен Индонезиянын өкүлдөрү эки тараптуу кызматташуунун бир катар маанилүү маселлерин талкуулашканын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Кыргызстан Того жана Мавритания республикалары менен кызматташат
Министрликтин алдындагы Азия жана Африка боюнча департамент директору Жээнбек Кулубаев менен Индонезиянын ТИМи Тынч океан жана Африка өлкөлөрү менен кызматташуу боюнча башкы директор Юри Тамриндин ортосундагы сүйлөшүү жума күнү Бишкекте өттү.

Жолугушууда Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка аймагындагы кырдаалды жөнгө салуу, ириде "Ислам мамлекети" террористтик уюмга каршы аракеттерге басым жасалды.

Сүйлөшүүдөрдүн жыйынтыгы менен саясий консультациялар тууралуу протокол менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Жаңылыктар түрмөгү
0