Муниципалдык жерге курулуп жаткан 6 метрлик дарбаза түрттүрүлдү

© пресс-служба мэрии города БишкекТүрттүрүлгөн дарбаза
Түрттүрүлгөн дарбаза - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда дарбаза түрттүрүлүп, жер тилкеси баштапкы калыбына келтирилди.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Мэрияга караштуу жеке турак-жай курулуш департаменти шаарда мыйзамсыз курулган дарбазаны түрттүрүлгөнүн шаардык муниципалитет билдирди.

Маалыматка ылайык, Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан үйдүн салынып жаткан дарбазасын курулуш токтотуу тууралуу чечим чыгарган. Текшерүү маалында, алты метрлик дарбаза муниципалдык аймакта курулуп жатканы аныкталган.

Мунун негизинде дарбаза түрттүрүлүп, жер тилкеси баштапкы калыбына келтирилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0