17:23 19 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7995
  • EUR102.6837
  • RUB1.1502
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстандын көз карандысыздык күнү (30)
5010

Сариев Кара-Кече көмүр кенинен көмүр ташып келүүдө айрым кемчиликтер болуп жатканын билдирип, бул үчүн өкмөт алдындагы монополияны жөнгө салуу агенттиги жана "Электр станциялар" ишканасына эскертүү берди.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Кышкыга карата даярдыкты уюштуруу тапшырмаларын өз деңгээлинде аткара албаган органдарга карата кескин чаралар көрүлөрүн премьер-министр Темир Сариев республикалык штабдын жыйынында билдирди.

Анда мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын күзгү-кышкы мезгилге даярдыгы тууралуу маалымат угулду.

Премьер-министр аймактардагы жылуулук, электр энергия, газ жана көмүр менен камсыз кылууда көйгөйлөр болбой тургандыгы айтылганын, муну толугу менен камсыз кылуу керек экенин эскертти.

Сариев Кара-Кече көмүр кенинен көмүр ташып келүүдө айрым кемчиликтер болуп жатканын билдирип, бул үчүн өкмөт алдындагы монополияны жөнгө салуу агенттиги жана "Электр станциялар" ишканасына эскертүү берди.

"Биз кыш мезгилинде элибизди электр энергиясы менен толук камсыз кылышыбыз зарыл. Бул үчүн бюджеттен акча бөлүнүп, жабдыктар оңдолгон. Ушул мезгилге чейин өлкө боюнча 5943 ирет электр энергиясы өчүрүлгөн экен. Мындай өчүрүүлөр болбош керек. Ошондуктан, тиешелүү органдар өчүрүүлөрдүн санын кыскартуу боюнча аракет көрүшү кажет", — деди өкмөт башчы.

Ошондой эле өчүрүүлөр боюнча жер-жерлерде диспетчердик пунктардын ишин күчөтүп, калкка тезинен маалымат жеткирүү тапшырмасы берилди.

Премьер-министр бөлүштүрүүчү компанияларга техникалык жоготууларды төмөндөтүү боюнча ишти күчөтүүнү тапшырды.

Тема:
Кыргызстандын көз карандысыздык күнү (30)

Тема боюнча

Кышкыга деп Баткендеги билим берүү мекемелерине жагылчу көмүрдүн жарымы алынды
Ош шаары кышка даярданып жатат
Белгилер:
кыш, сезон, штаб, жыйын, Темир Сариев, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ