"Азия MIX" Москва мэринин Кубогуна катышат

Жазылуу
Москва мэринин байгесин жеңгендер Жогорку лиганын финалына чыгууга мүмкүнчүлүк алат.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. КВН боюнча Кыргызстандын "Азия MIX" командасы Москва шаарынын мэринин Кубогу үчүн ат салышат. Бул тууралуу КВНдин расмий сайтында маалымдалды.

КВНдин (Шайырлар жана тапкычтар клубу) туулган күнүнүн урматына боло турчу оюндар 7-8-ноябрда өтөт. Москва шаарынын мэринин Кубогуна Жогорку лиганын финалына өтө албай калган командалар өз өнөрлөрүн тартуулайт.

"Мэрдин кубогуна "Азия MIX", Астананын "Спарта", Дагестандын курама командасы, Красноярскинин "Плохая компания", Саратовдун "Саратов", Москванын "Горизонт" жана "МосАП" командалары катышат", — деп айтылат билдирүүдө.

Comedy Баттл телешоусунун катышуучусу Мыктыбек Мукаев. - Sputnik Кыргызстан
Мыкы Comedy Баттл телешоусунун жарым финалына чыкты
Командалар Жогорку лиганын чемпиондугуна чыгууга укук берүүчү кубок үчүн ат салышат. Буга чейин Кыргызстандын командасы Жогорку лиганын финалына өтө албай калган.

Москва мэринин Кубогу биринчи жолу 2012-жылы Сергей Собянин менен Александр Масляковдун сунушу менен өткөрүлгөн.

КВНдин эл аралык күнү — жыл сайын 8-ноябрда белгиленип келет. Бул күнү телепрограммага биринчи жолу эфирге чыккан. Быйыл ага 54 жыл толот.

Жаңылыктар түрмөгү
0