Бир апта ичинде 145 миң тонна мыйзамсыз күйүүчү май ташылган

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүБензин ташуучу унаа. Архив
Бензин ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айдоочулардын күйүүчү-майлоочу материалдарды ташууга уруксат берүүчү документтери жок болгон. Учурда бардык материалдар кийинки кадамдар үчүн прокуратурага өткөрүлүп берилди.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Бир апта ичинде мыйзамсыз ташылган 145 миң тонна күйүүчү май аныкталып кармалганын УКМК билдирди.

Алтын табуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аксыда мыйзамсыз алтын казган ишканага кылмыш иши козголду
Маалыматка ылайык, "Кең-Булуң — Автодорожный" көзөмөл пунктунан республика аймагына 37 миң тонна көк май алып келе жаткан унаа кармалган. Текшере келгенде анын тийиштүү документтери болбой, мамлекеттик көзөмөл процедурасынан өтпөгөнү аныкталган. 

Мындан тышкары, Ош шаарынын Баткен облусун көздөй кетип бара жаткан унаадан 39 миң тоннадан ашуун АИ-92 бензини кармалган. Мында айдоочунун аталган товарга уруксат берүүчү документтери болгон эмес. Ошол эле күнү башка күйүүчү майдын түрүнө жазылган документ менен 38 миң тонна бензин алып бара жаткан унаа токтотулуп, товар алынган. 

Кийинки күнү "Рено-Магнум" унаасы токтотулуп, андан мыйзамсыз 36 миң тонна бензин бар экендиги аныкталган.

Аталган жүктүн кармалышы боюнча материалдардын баары прокуратурага өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0