Окуучулар терроризм менен диний экстремизмдин алдын алууну үйрөнүүдө

Жазылуу
Лекциялар тарбия иштерин жакшыртууну көздөп, окуучулар арасында диний экстремизмди жайылтууга каршы чаралардын бири болуп саналат.

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Бишкектин Биринчи Май районунун мектеп окуучулары үчүн терроризм жана диний экстремизм менен өспүрүмдөр арасында тартип бузуунун алдын алуу боюнча лекциялар өтүп жатканын мэрия билдирди.

Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэрия оор шартта жашаган балдарга жардам берүүдө
Анда район акими, ИИБ жетекчиси, райондук УКМК бөлүмүнүн өкүлдөрү катышууда.

Уюштуруучулардын айтымында, лекциялар тарбия иштерин жакшыртууну көздөп, окуучулар арасында диний экстремизмди жайылтууга каршы чаралардын бири болуп саналат. 

Маалыматка ылайык, лекциялар бир нече мектепте өтүп, 12-ноябрга чейин бир катар окуу жайларды камтымакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0