21:05 23 Теке 2021
Түз эфир
  • USD84.2620
  • EUR99.2101
  • RUB1.1423
Коом
Кыскача шилтеме алуу
11301

Сыйлык офицерлердин мааракелик парадга катышып, жоокердик шериктештикти бекемдегени үчүн берилди.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Россиянын Коргоо министрлиги Кыргызстандын жети офицерин медаль менен сыйлаганын РФнын элчилиги билдирди.

Сыйлоо аземи Бишкекте өтүп, медалдарды коргоо маселелери боюнча атташе, биринчи рангдагы капитан Вячеслав Хлестов тапшырды. 

  • Россиянын Коргоо министрлиги Кыргызстандын жети офицерин медаль менен сыйлагады
    Россиянын Коргоо министрлиги Кыргызстандын жети офицерин медаль менен сыйлагады
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Сыйлык офицерлердин мааракелик парадга катышып, жоокердик шериктештикти бекемдегени үчүн берилди
    Сыйлык офицерлердин мааракелик парадга катышып, жоокердик шериктештикти бекемдегени үчүн берилди
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Сыйлоо аземи Бишкекте өтүп, медалдарды коргоо маселелери боюнча атташе, биринчи рангдагы капитан Вячеслав Хлестов тапшырды
    Сыйлоо аземи Бишкекте өтүп, медалдарды коргоо маселелери боюнча атташе, биринчи рангдагы капитан Вячеслав Хлестов тапшырды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 3
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Россиянын Коргоо министрлиги Кыргызстандын жети офицерин медаль менен сыйлагады

"Жоокердик шериктешүүнү бекемдөөгө кошкон салымы үчүн" медалы менен отставкадагы полковник Мурат Бейшенов, Башкы штабдын офицери, полковник Нурлан Исраилов сыйланышты.

Улуттук гвардиянын командачысы Мелис Сатыбалдиевге "Жеңи парадына катышкандыгы үчүн" медаль берилди.

Ушундай эле сыйлыкка Башкы штабдын офицерлери Эркин Осмонов, Кылычбек Айдаралиев, Абдила-аки Атаев жана Сапарали Бекмурзаев татыды. 

Үстүбүздөгү жылдын 9-майында Москва шаарында Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына арналган аскердик парад өткөн. Андан Кыргызстандын Улуттук гвардиясынын 75 жоокери Россия жана башка бир катар мамлекеттердин аскерлери менен Кызыл Аянтта бир катарда басышкан.

Тема боюнча

Кыргыз милициясы Россиядан 68 млн. рублдик аскер кийимин алды
Тартип сакчылыгындагы кылымга жакын мезгил. Кыргыз милициясы 91 жашта
Белгилер:
медаль, сыйлык, офицер, аскердик парад

ЭҢ МААНИЛҮҮ