11:05 22 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.7890
  • EUR77.9334
  • RUB1.0945
Депутат Зиядин Жамалдиновдун сынган креслосу. Архив

ЖКдагы алгачкы жыйында Жамалдиновдун креслосу сынып калды

© Sputnik / Диля Родионова
Коом
Кыскача шилтеме алуу
101621

Эл өкүлүнүн сынып калган креслонун ордуна жаңыраагын алмаштырып беришти.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. ЖКнын биринчи эле жыйынында "Өнүгүү —Прогресс" фракциясынын депутаты Зиядин Жамалдиновдун отурган креслосу сынып калды деп билдиришти ЖКнын аппаратынан.

Депутаттар танаписке чыкканда эл өкүлүнө жаңыраагын алмаштырып беришти.

Бүгүн спикер Асылбек Жээнбеков төрагалыкка шайланып жатканда креслолор туурасында сөз болуп, аларды алмаштыруу керектигин айткан.

Акыркы ирет креслолор 2010-жылы алмаштырылган. Буга чейин Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгы 120 кресло сатып алуу үчүн 2,6 миллион сомго тендер жарыялап, ал коомчулукта ар кыл пикир, талкууну жараткан. Кийинчерээк ал ЖКнын ошол кездеги төрагасы Жээнбековдун буйругу менен жокко чыгарылган.

Спикер креслону алмаштыруу чечими кабыл алынгандыгын, алар жайга жакын сатып алына тургандыгын айткан.

Тема боюнча

Жаңы келе турган депутаттар эски креслолорго эле отурмай болду
Социалдык тармакта жаңы депутаттарга арналып алына турган 120 кресло боюнча флешмоб башталды
Белгилер:
кресло, Жогорку Кеңеш, Зиядин Жамалдинов

ЭҢ МААНИЛҮҮ