Укук маселелерин чечүүгө Бишкектин Ленин акимиаты жардам берет

Жазылуу
Укук жаатындагы жардамды жарандарга юридикалык факультеттердин студенттери көрсөтмөкчү.

БИШКЕК, 4-ноя. — Sputnik. Бишкектин Ленин районунун тургундары консультация иретинде акысыз укуктук жардам алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөнүн мэрия билдирди.

Ушул айдын башынан баштап укуктук жардам берүү боюнча ачык эшик жумалыгы өтөт. Мында бир катар эл аралык укук уюмдарынын адистери жарандык иштер боюнча консультация беришмекчи. 

Муниципалитет долбоор калкты мамлекеттик юридикалык жардам тууралуу кабардар кылууну көздөй турганын белгилейт. Жарандарды юридикалык факультеттеринин студенттери кабыл алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0