Компьютердик программалоо боюнча жарышта окуучулар студенттерди жеңип алды

© образовательное учереждение "Себат"Компьютердик программалоо боюнча жеңип алган лицейдин окуучулары.
Компьютердик программалоо боюнча жеңип алган лицейдин окуучулары. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Компьютердик программалоо боюнча студенттер арасындагы олимпиадага катышып, биринчи орунду камсыз кылган балдар 10-класстын жана 11-класстын окуучулары болуп чыкты

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Кыргыз Славян Университетинде жогорку окуу жайынын студенттеринин эл аралык компьютердик программалоо боюнча республикалык туруна 40ка жакын команда үчтөн мүчөсү менен катышты. Студенттерден айырмаланып, 1-орунду лицейдин окуучулар ээледи. Бул туурасында маалыматтар окуу жайдын расмий сайтында жайгаштырылды.

Программист. Архив - Sputnik Кыргызстан
Индиялык программисттер кыргыз кесиптештеринин нанын талашууда
Республикалык олимпиадага бир катар жалпы билим берүүчү орто мектептердин окуучулары да чакырылган. Сынак компьютердин жардамы аркылуу өтүп, тогуз суроонун жооптору атайын серверге жиберүү менен текшерилди. Сынактын жыйынтыгында "Себат" билим берүү лицейлеринин атынан катышкан окуучулар командасы студенттерден биринчи орунду алып кетишти. II орунду Кыргыз улуттук университетинин, III орунду Борбор Азиялык Америка Университети, ал эми IV жана V орунду Кыргыз Славян менен Кыргыз —Түрк жогорку окуу жайларынын студенттери ээледи.

Студенттерден компьютерлештирүү боюнча студенттерден артыкчылык кылган балдар — Азирет Кенжалиев 11-класстын, ал эми Амангелди Жусубалиев менен Залкар Токтоназаров 10-класстын окуучулары болуп чыкты.

Аталган орто окуу жайдын тарбиялануучулары буга чейин "Кара жорго" элдик бийин аткарган Кожомкул роботун ойлоп чыгып, коомчулуктун кызыгуусун жараткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0