Үч эм кыздар бүгүн ооруканадан чыгат

© flickr.com / Jason PrattЫмыркай. Архив
Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыздар үстүбүздөгү жылдын 9-октябрында 1,8 килограмм, 1,7 жана 1,5 килограмм салмак менен Чүй облустук төрөт үйүндө жарыкка келишкен. Бир жумадан кийин ымыркайлар энеси менен улуттук борборго которулган. Учурда балдардын абалы дурус.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Үч эм кызды жарыкка алып келген экинчи топтогу майып Жылдыз Казиева бүгүн ымыркайлары менен Бала жана энени коргоо улуттук борборунан чыга турганын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Ымыркайдын буту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Үч эм кыздуу болгон үй-бүлө өкмөттөн жардам сурады
Кыздар үстүбүздөгү жылдын 9-октябрында 1,8 килограмм, 1,7 жана 1,5 килограмм салмак менен Чүй төрөт үйүндө жарыкка келишкен. Бир жумадан кийин ымыркайлар энеси менен улуттук борборго которулган. Учурда балдардын абалы дурус.

Мектепте мугалим болуп иштеген Токмок шаарынын тургуну 28 жаштагы Казиева батирде акча төлөп турарын, күйөөсүнүн туруктуу жумушу жок экенин жана үйдөгү 2,5 жаштагы баласы да тубаса шал оорусу менен ооруй турганын маалымдаган. 

Мындан улам президент Алмазбек Атамбаев 21-октябрь күнү өз фондунан үч эмдин энеси Жылдыз Казиевага турак-жай үчүн 1 миллион 200 миң сом бөлүп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0