Эргеш Алиев бүт өмүрүн милицияда кызмат кылууга арнаган

Жазылуу
Быйыл кыргыз журтчулугу Кыргызстан тарыхында милициянын генерал-майору наамына биринчи болуп татыган Эргеш Алиевдин 110 жылдык мааракесин белгилеп жатат.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев милициянын генерал-майору Эргеш Алиевдин 110 жылдык мааракесине карата куттуктоо жолдоду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Кыргыз милициясы көптөгөн инсандардын эмгеги, күч-аракети менен түптөлсө, андай инсандардын бири, генерал Эргеш Алиев экендигин белгиледи.

"Эргеш Алиевдин маңдайына тартип сакчылыгында туруп, милицияда кызмат кылуу тагдыры жазылган экен. 30-чу жылдары басмачылар баш көтөргөндө колуна курал алып, отряд жетектеп, ошол боюнча бүт өмүрүн милицияда кызмат кылууга арнаган", — деп айтылат куттуктоодо.

Мамлекет башчысы бул инсандын баскан жолу, кылган кызматы кийинки муундарга үлгү катары каларын айткан. 

"Генерал Эргеш Алиевдин өмүрү, милициянын катарында басып өткөн байсалдуу жолу элге, Мекенге кызмат кылуунун мыкты үлгүсү. Эргеш Алиевдин Кыргызстан милициясын калыптандыруу ишине кошкон салымы элибиздин эсинде түбөлүккө сакталат", — деп баа берген президент.

Милиция кызматкерлери стройдо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: милиция кызматкеринин жаңы образын түзүүгө көңүл буруу керек
Быйыл кыргыз журтчулугу Кыргызстан тарыхында милициянын генерал-майору наамына биринчи болуп татыган Эргеш Алиевдин 110 жылдык мааракесин белгилеп жатат.

Эргеш Алиев кыргыз милициясынын катарында дээрлик 40 жылдан ашуун кызмат кылган. Катардагы жоокерден тартып, милициянын комиссары деген жогорку наамга жеткен. Нарын, Ысык-Көл, Талас, Жалал-Абад жана Ош облустарынын Ички иштер башкармалыктарын жетектеген.

Мамлекет каарман эмгегин эске алып, Эргеш Алиевди "Ленин", "Эмгек Кызыл Туусу", үч жолу "Кызыл Жылдыз", эки жолу "Ардак белгиси" ордендери менен сыйлаган. Ысымы Бишкек шаарындагы ИИМ Академиясына ыйгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0