Россия Академиясынын сыйлыгы кыргыз педагог - окумуштууларына ыйгарылды

© Курманбек МуратовАбдыкерим Муратов жана Айчүрөк Калдыбаевага.
Абдыкерим Муратов жана Айчүрөк Калдыбаевага. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сыйлыкка педагогика илимине кошкон салымы, бул илимдеги жаңы багыттарды, ачылыштарды жараткандыгы, адистерди даярдоодогу ийгиликтери үчүн Педагогика кафедрасы да татыды.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Россиянын табигый илимдер академиясы юбилейлик иш-чарасында аталган окуу жайдын сыйлыгын кыргызстандык окумуштуу-профессорлор Абдыкерим Муратов менен Айчүрөк Калдыбаевага ыйгарды. 

"Окуу жайдын 20 жылдык мааракесине карата Сочидеги жыйында сыйлык педагогика илимине кошкон салымы, жаңы багыттарды, ачылыштарды жараткандыгы, адистерди даярдоодогу ийгиликтери үчүн Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика кафедрасына да ыйгарылды", — деп билдирди аталган окуу жайдан.

Ал эми академиянын мүчө-корреспонденттигине аталган кафедранын башчысы, педагогика илимдеринин доктору, профессор Айчүрөк Калдыбаева шайланды. Аталган кафедранын профессору, педагогика илимдеринин доктору Абдыкерим Муратов жогорудагыдай эле ишмердүүлүгү үчүн Константин Ушинский атындагы медалга татыктуу болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0