Атамбаев Зита Резаханованын үй-бүлөсүнө 100 миң сом бөлүп берди

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүЗита жана Гита Резаханова сиам эгиздери. Архив
Зита жана Гита Резаханова сиам эгиздери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейшемби күнү кечинде сиам эгиздеринин бири Зита Резаханова узакка созулган оорудан кийин көз жумган.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев каза болгон Зита Резаханованын үй-бүлөсүнө 100 миң сом бөлүп бергенин өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Зитанын сөздөрү: Кудайга ыраазычылык билдирип, жүрөгүңөрдү муздатпагыла!
Бейшемби күнү кечинде сиам эгиздеринин бири Зита Резаханова узакка созулган оорудан кийин көз жумган.

Резахановалар 1991-жылы жарыкка келишкен. 2003-жылы аларды ажыратуу боюнча Москванын Филатов атындагы ооруканасында операция жасалган. Үч бут жана бир жамбаш, табарсык менен төрөлгөн кыздарды ажыраткандан кийин ар биринин бирден бутун протез алмаштырган. Үй-бүлөгө Россия лидерлери Дмитрий Медведев менен Рамзан Кадыров чоң жардам көрсөтүп келишкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0