Кышкыга деп Баткендеги билим берүү мекемелерине жагылчу көмүрдүн жарымы алынды

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКөмүр. Архив
Көмүр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда дагы көмүр алуу маселелери каралып, иштер аткарылып жатканын өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Баткен облусунда күз-кыш мезгилине даярдык көрүлүп, социалдык объекттерге көмүр жеткирүү улантылууда. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти.

Октябрь айынын башына алынган маалымат боюнча 179,7 миң тонна көмүр казылган. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 52,7 миң тоннага көп.

Баткенде миң тоннадан ашуун мыйзамсыз көмүр казып алган жеке ишканалар аныкталды
Жергиликтүү калкты көмүр менен камсыз кыл үчүн район, шаарлардын аймактарында 56 стационардык жана 32 автоунаа көмүрдү кыдырып сатып жатат.

Облус аймагындагы билим берүү мекемелерине октябрь айынын аягына карата 6 659,4 тонна (57,7 пайыз) көмүр ташылып анын каржылануусу 18,3 миллион сомду түзгөн. Анын ичинен республикалык бюджет эсебинен 10,6 миллион сом, жергиликтүү бюджет эсебинен 7,6 миллион сом каралган.

Ал эми саламаттыкты сактоо мекемелерине 5 миллион 889 миң сомго 1 075 тонна көмүр ташылып келген.

Андан сырткары, облус эли 63 миң тонна көмүр керектеп, анын 46,9 миң тоннасы бүгүнкү күнгө ташылып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0