Өрттөн улам жарыксыз калган аймактарга электр энергиясы берилди

© пресс-службы НЭСК"Кыргызэлектро" ишканасынын кызматкерлери ремонт иштерин жүргүзүп жатат.
Кыргызэлектро ишканасынын кызматкерлери ремонт иштерин жүргүзүп жатат. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык "Орок" подстанциясында болгон. Өрттөн эки секция жабыр тартып, бир катар жаңы конуштар жарыксыз калган.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. "Орок" подстанциясында чыккан өрттүн кесепетинен жарыксыз калган "Көк-Жар" айылына, "Алтын-Ордо" жана "Көк-Жар" жаңы конуштарына электр энергия берилгенин "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ишканасы билдирди.

Өрт 27-октябрь күнү подстанциянын 10 киловаттык жабык бөлүштүрүүчү түзүлүшүндө чыккан. Мунун натыйжасында эки секция жабыр тартып, аталган аймактар жарыксыз калган. Кырсыктын кесепеттерин жоюуда төрт бригада иш алып барды. 

Мекеме буга чейин жарык кечээ кечинде бериле турганын маалымдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0