Кызыл-Кыя шаарындагы үйсүздөр эми талаада калбайт

Жазылуу
Селсаяктар үчүн ачылган жайды иштетүү укугун министрликтин конкурсуна катышкан "Эл-site" коомдук фондусу жеңип алган.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Баткендин Кызыл-Кыя шаарында үйсүздөр үчүн атайын жай ачылды деп билдирди Социалдык өнүгүү министрлигинин маалымат кызматы. 

Караколдогу үйсүз согуш ардагерине Атамбаев батир белек кылды
Министрлик тараткан маалыматта аларды жарандык коом менен кызматташууну жакшыртып, социалдык кызматтарды көрсөткөн уюмдарга бериле турган гранттардын көлөмүн көбөйтөрүн билдиришти. Алар аркылуу коомдун социалдык колдоого муктаж болгон катмарына жардамдар көрсөтүлүп турмакчы. 

2009-жылы мамлекеттик мындай буйуртмаларга 4,9 миллин сом каралса, быйыл анын көлөмү 22,5 миллионго жеткен. 

"Азыр долбоорлордун тармагы кеңейип, саны да өскөн. Быйыл республиканын аймактарынан 70 арыздарды алсак, конкурска катышкандардын ар бир экинчисинин долбоорлору каржыланды", — деп билдирди министрдин орун басары Эрик Куйкеев. 

Кызыл-Кыядагы үйсүздөр үчүн ачылган жайды министрликтин конкурсуна катышкан "Эл-site" коомдук фондусу жеңип алып, аларга 450 миң сом берилген. Ал эми имаратты жергиликтүү бийлик таап берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0