Бишкектин үйлөрүнө "акылдуу эсептегичтерди" орнотуу улантылууда

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүү"Акылдуу эсептегичтерди" орнотуу. Архив
Акылдуу эсептегичтерди орнотуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Электр энергиянын чыгымын эсептөөчү автоматташтырылган системаны ишке киргизүү учурунда айрым аймактарда жарык өчүрүлүшү мүмкүн.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. "Түндүкэлектор" ишканасы бүгүн, 29-октябрь күнү шаардын чыгыш бөлүгүнө электр энергиянын чыгымын эсептөөчү автоматташтырылган системаны орнотуу иштерин уланта турганын аталган мекеме билдирди. 

Мында "акылдуу эсептегичтер" Никитин, Осмонкул, Исанов, Жумабек жана Коенкөзөв көчөлөрүнүн тургундарына орнотулат.

Буга байланыштуу айрым үйлөрдө жарык өчүрүлүшү мүмкүн экенин компания эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0