06:56 26 Бирдин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.6796
  • EUR103.3811
  • RUB1.1525
Коом
Кыскача шилтеме алуу
54 0 0

Иш-чарада балдарга тез аракеттеги бөлүктүн жоокерлери өз өнөрлөрүн тартуулап, милиция кызматкерлери пайдалануучу атайы каражаттарын көрсөттү.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Мектеп окуучулары Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы менен таанышып чыкканын аталган мекеме билдирди. 

Бишкек ШИИБ жетекчисинин орун басары Аскат Султаналиевдин айтымында, иш-чара өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы тарабынан уюштурулуп, балдар кылмыштуулугунун алдын алууну максаттайт. 

Окуучулар аларды тосуп алган укук коргоо органдарынын кызматкерлерин милиция күнү менен куттуктап, кызмат учурунда каза болгондорду аза мүнөтү менен эскеришти. 

Иш-чарада балдарга тез аракеттеги бөлүктүн жоокерлери өз өнөрлөрүн тартуулап, милиция кызматкерлери пайдалануучу атайы каражаттарын көрсөттү.

Жолугушуунун соңунда балдар Курманбай Толканчинов атындагы музейге барып, милициянын тарыхы менен жакындан таанышты. 

Өз кезегинде балдар бул иш-чара милициянын кызматына, ишмердүүлүгүнө болгон көз карашты өзгөртүп, кызыгуу жаратканын билдиришти. Алардын айрымдары милиционер болуу калоосу пайда болгонун жашырышкан жок. 

Тема боюнча

№38 мектепке кол салуу – талкаланган терезе, даярдалган таяк жана жаалданган балдар
Министр Сариева акча чогулткан мектептерге чара колдонот
Белгилер:
бөлүк, кызмат, окуучулар, мектеп, милиция, жоокер, ШИИБ

ЭҢ МААНИЛҮҮ