Чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылгандар жасалма күбөлүктү пайдаланып жатышат

Жазылуу
Көбүнчө жанындагы балдарды башка бирөөнүн туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен алып өтүүгө аракет күч. Айрымдарына бул боюнча кылмыш иши да козголгон.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Чек араны мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылгандардын басымдуу бөлүгү туулгандыгы тууралуу жасалма күбөлүктү пайдаланууда. 

Чек арадагы бажы көзөмөлү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жасалма күбөлүк менен кызын чет жакка чыгарып кетүүгө аракет кылган аял кармалды
Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык, кечээ, 27-октябрь күнү Оштон Москваны көздөй сапар алган кыргызстандык жаран башка бирөөнүн күбөлүгү менен аэропорттун көзөмөл пунктунан өтүүгө аракет кылса, ошол эле күнү жанындагы 16 жаштагы кызды жасалма күбөлүк менен алып өтүүгө аракет кылган россиялык жаран кармалган.

Буга чейин Өзгөн районунун тургуну төрт жаштагы кызына беш жаштагы башка кыздын атына берилген күбөлүктү жасалмалап, аны нотариус аркылуу күбөлөндүрүп Россияга алып чыгып бара жаткан жеринен колго түшүрүлгөнү белгилүү.

Аталган фактылар боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0