Кыргызстан так убакыт белгисине ээ болот

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүСаат. Архив
Саат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушуунун соңу менен вице-премьер Коргоо министрлиги менен стандартизация жана метрология борборуна так убакыттын белгиси менен камсыздоо боюнча россиялык адистер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тапшырмасын берди.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Россиялык адистер так убакыт белгисин аныктоо боюнча Кыргызстанга жардам берет. Бул тууралуу вице-премьер Валерий Диль менен Россиянын элчиси Андрей Крутьконун жолгушуусу учурунда белгилүү болду.

Вице-премьердин айтымында, учурда илимий технологиялар менен телекоммуникация рыногу өнүгүп өсүп жатат. 

"Мындан улам бүгүнкү күндө жарандык авиация, транспорт, байланыш, массалык коммуникация жаатында кеңири пайдаланылган так убакыттын белгисин алууга Кыргызстан муктаж. Россия бизге бул багытта жардам берүүгө даяр экенин билдирип жатат. Эми эки өлкөнүн адистери техникалык маселелерди чечиши керек", — деди Диль.

Жолугушуунун соңу менен вице-премьер Коргоо министрлиги менен стандартизация жана метрология борборуна так убакыттын белгиси менен камсыздоо боюнча россиялык адистер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тапшырмасын берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0