Атайы жайда күн кечирген 11 майып селсаяктын туугандары табылды

Жазылуу
Жыл башынан бери бул жерде күн кечирген 46 киши стационардык мекемелерге жөнөтүлгөн. Анын ичинде кургак учук менен жабыркаган 14 селсаяк ооруканага жаткырылса, дагы сегизи интернаттарга жайгаштырылды.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Бишкектин Биринчи Май районунда селсаяктар үчүн жай-кышы бою иштеген "Коломто" жайында баш калкалаган 11 майып жана кары адамдардын туугандары табылганын мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын жай 70 кишини кабыл алууга негизделген. Жыл башынан бери ал жакта күн кечирген 46 киши стационардык мекемелерге жөнөтүлгөн. Анын ичинде кургак учук менен жабыркаган 14 селсаяк ооруканага жаткырылса, дагы сегизи интернаттарга жайгаштырылды. 

"Мындан тышкары, үй-жайсыз 11 майып менен кары адамдардын туугандары табылса, сегизинин документтери калыбына келтирилди. Анын төртөө жашаган дареги боюнча үйүнө кайтарылды", — деп айтылат билдирүүдө.

Шаардык муниципалитет быйыл "Коломто" жайында санитардык блок, дааратканаларды куруу, чатырын оңдоо үчүн кошумча каражат бөлүнгөнүн кошумчалады.

Барар жери жок жарандарды күнүнө бир жолу ысык тамак, жатар жер, дары-дармек жана мончо менен камсыздайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0