Таласта Социалдык фонд кызматкерлери 7 жыл бою пенсия акчасын пайдаланып келишкен

© Sputnik / Таалай ОроскуловТалас облусуна кириш. Архив
Талас облусуна кириш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Райондук башкармалыктын башкы бухгалтери документтерди жасалмалоо менен жөлөк пул менен пенсияга берилүүчү акчаны өз чөнтөгүнө салып келген.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Талас облусунун Кара-Буура райондук Социалдык фонд башкармалыгынын башкы бухгалтери жооптуу кызматкерлер менен бирге жети жылдан бери пенсиянын акчасын байма-бай өздөрүнө ыйгарып келген факты аныкталганын Башкы прокуратура билдирди.

Акча валютасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК: сот департаментинин Ош башкармалыгы 5 млн. сомду өзүнө ыйгарып алган
Маалыматка ылайык, башкармалыктын аталган кызматкерлери пенсионерлерге төлөнүүчү жөлөк пул менен пенсияны Социалдык фонддун транзиттик эсебинен чек китепчеси аркылуу акчалай алып келишкен. "Чарба чыгымдарына" жумшалмакчы болгон каражат башкармалыктын эсебине кирген эмес.

Мындан улам мамлекеттик казынага 5 миллион сомдон ашуун материалдык зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча башкармалыктын кызматкерлерине карата үч берененин негизинде кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары улантылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0