Оштун мэри эстакадалык көпүрөнү сыноо учурунда анын астында турат

© пресс-служба мэрии города ОшОш шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев. Архив
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарындагы Навои көчөсүндө курулуп жаткан эстакадалык көпүрө эртең өлкөнүн биринчи адамдарынын катышуусу менен ачылат.

БИШКЕК, 27-окт. – Sputnik. Ош шаарында расмий ачылышы эртең боло турган эстакадалык көпүрө бүгүн сыноодон өтөт. Анын сапаттуу курулгандыгына шаар мэри Айтмамат Кадырбаев өзү кепилдик берерин Sputnik маалымат сайтына билдирди. 

"Бүгүн Навои көчөсүндө курулуп жаткан көпүрөнү алгачкы ирет сыноодон өткөрөбүз. Ал үчүн көпүрөнүн узундугу менен оор техникалар токтотулат. Мен бул объектинин сапаттуу курулгандыгына кепилдик берип, сыноо учурунда көпүрөнүн алдында турам", — деди Ош мэри Кадырбаев.

Ош шаарындагы Навои көчөсүндө курулуп жаткан эстакадалык көпүрө эртең өлкөнүн биринчи адамдарынын катышуусу менен ачылат. 

© Айша Камилова"Мен бул объектинин сапаттуу курулгандыгына кепилдик берип, сыноо учурунда көпүрөнүн алдында турам", — деди Ош мэри Кадырбаев
1/4
"Мен бул объектинин сапаттуу курулгандыгына кепилдик берип, сыноо учурунда көпүрөнүн алдында турам", — деди Ош мэри Кадырбаев
© Айша КамиловаОш шаарында расмий ачылышы эртең боло турган эстакадалык көпүрө бүгүн сыноодон өтөт
2/4
Ош шаарында расмий ачылышы эртең боло турган эстакадалык көпүрө бүгүн сыноодон өтөт
© Айша КамиловаКөпүрө россиялык гранттын эсебинен курулууда, ага 100 миллион сом бөлүнгөн
3/4
Көпүрө россиялык гранттын эсебинен курулууда, ага 100 миллион сом бөлүнгөн
© Айша КамиловаТүштүк борборго алгач ирет түшүп жаткан эстакадалык көпүрөнүн узундугу 264, туурасы 24 метр.
4/4
Түштүк борборго алгач ирет түшүп жаткан эстакадалык көпүрөнүн узундугу 264, туурасы 24 метр.
1/4
"Мен бул объектинин сапаттуу курулгандыгына кепилдик берип, сыноо учурунда көпүрөнүн алдында турам", — деди Ош мэри Кадырбаев
2/4
Ош шаарында расмий ачылышы эртең боло турган эстакадалык көпүрө бүгүн сыноодон өтөт
3/4
Көпүрө россиялык гранттын эсебинен курулууда, ага 100 миллион сом бөлүнгөн
4/4
Түштүк борборго алгач ирет түшүп жаткан эстакадалык көпүрөнүн узундугу 264, туурасы 24 метр.

Көпүрөнү сыноо бүгүн 27-октябрда кечки саат 17:00дө болот.

Көпүрө россиялык гранттын эсебинен курулууда, ага 100 миллион сом бөлүнгөн. Түштүк борборго алгач ирет түшүп жаткан эстакадалык көпүрөнүн узундугу 264, туурасы 24 метр.

Жаңылыктар түрмөгү
0