Таксисттердин патентин салыкчылардын ордуна Жол кайгуул кызматы текшере баштайт

Жазылуу
Жол кайгуул кызматы тарабынан айдоочулардын ыктыярдуу патенттерин текшерүү боюнча токтом 2015-жылдын 8-ноябрынан баштап күчүнө кирет.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү жол эрежесине айдоочулардын ишкердүүлүк менен алектенүүсүнө уруксат бере турган патенттерди текшерүү камтылган өзгөртүүлөрдү киргизди. 

Бишкек шаарындагы такси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Таксисттер патент алууга милдеттендирилиши мүмкүн
Токтом 20-октябрда кабыл алынган. Ага ылайык, эми жүргүнчү же жүк ташуу менен алектенген милиция кызматкеринин талабы менен унааны токтотуп, ага ыктыярдуу патентти же алардын копиясын көрсөтүүгө милдеттүү.

Эгер тийиштүү документтери жок болсо Жол кайгуул кызматкерлери 500 сомдук айып пул каралган административдик жазага тартууга укуктуу.

Өкмөттүн жол эрежелерине өзгөртүү киргизүү боюнча токтому үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрынан баштап күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0