Жер тилкеси үчүн ижара акысын жасалма төмөндөткөн мэрия жетекчиси аныкталды

Жазылуу
Кармалган жаран Бишкек шаарындагы жер тилкелерин пайдалангандыгы үчүн төлөнүүчү ижара акы эсебинин түп нускасын жоготуп, төлөнүүчү акыны жасалма азайтып койгон. Мындан ал мамлекетке бир миллиондон ашуун материалдык зыян келтиргени анык болду.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчиси ижара акысы боюнча документтерди жасалмалаганы үчүн кылмыш иши козголгонун УКМК билдирди.

Суу түтүгү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Суу түтүгүн орнотууга бөлүнгөн 1 млн. сом акчаны кызматкерлер өз ара бөлүп алган
Маалыматка ылайык, жетекчи Бишкек шаарындагы жер тилкелерин пайдалангандыгы үчүн төлөнүүчү ижара акы эсебинин түп нускасын жоготуп, төлөнүүчү акыны жасалма азайтып койгон. Мындан ал мамлекетке бир миллиондон ашуун материалдык зыян келтиргени анык болду.

Аталган факт боюнча УКМКнын тергөө бөлүмү тарабынан "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "Документтерди жасалмалоо" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0