Мэрия оор шартта жашаган балдарга жардам берүүдө

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын мэриясы. Архив
Бишкек шаарынын мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл башынан бери ата-энелик милдетти аткарбаган жарандарга 31 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынган.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Жашоонун татаал шартын кабылган балдар боюнча 775 иш каралганын мэрия билдирди.

Балдар үйү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги кароосуз калган 192 бала атайы борбордо жашайт
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын тогуз айында балдар иши боюнча комиссия 87 жолу жыйын өткөргөн. Анын натыйжасында 299 бала реабилитациялык борборго жайгаштырылса, 17 жеткинчек атайылаштырылган балдар үйүнө бөлүнгөн.

Ал эми ата-энелик милдетти аткарбаган жарандарга 31 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынган.

Мындан тышкары, 209 бала интернат тибиндеги мекемеден чыгарылса, 327 үй-бүлө менен иштөө планы түзүлгөн. Ал эми 88 баланы коргоо үчүн өзүнчө пландар иштелип чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0