Муфтий: диний окуу жайларда бир программанын негизинде иш алып барууну күчөтүү зарыл

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев. Архив
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев диний багыттагы жогорку окуу жайлардын студенттери менен жолугушуп, окуучуларга ынтымак, биримдик жөнүндө кеп кылуу менен, окуу жайдын жетекчилигине ислам дини тынчтыктын дини экендиги туурасында лекцияларды уюштуруу тапшырмасын берди.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Диний окуу жайларда бирдиктүү окуу программанын негизинде иш алып алып барууну күчөтүү керектигин Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев муфтияттын бөлүм башчылары үчүн өткөн жыйында билдирди. 

Муфтияттын маалыматында алгач Азирети муфтий өлкө аймагындагы диний кырдаалга токтолуп, дин жаатындагы иш-чараларды күчөтүү, Ханафий мазхабын имамдарга кеңири түшүндүрүп, казыяттардан ар айдын отчетторун өз убагында талап кылуу маселелерин козгоду. 

Анын айтымында, диний окуу жайлардагы билим берүү системасын жөнгө салуу зарыл. 

"Учурда жалпы диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө Ошто жана Бишкекте чоң чыйын өткөрүүнү пландоодобуз. Мында бир топ көйгөйлүү маселелер менен дин жаатындагы оорчунду ойлорду ортого салсак деп турабыз", — деди КМДБнын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Эргешов Акимжан ажы. 

Мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ош облусунун диний окуу жайлар арасында спорт мелдештери өтөт
Жыйындын жүрүшүндө Ханафий мазхабын өлкө аймагындагы бардык имамдарга кенен түшүндүрүү боюнча китепчелерди чыгарып, ислам динин туура багытта элге жеткирүү, быйылкы ажылык ишинин жыйынтык отчетун тапшыруу сыяктуу бир топ маселелер каралды. 

Муну менен катар Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев диний багыттагы жогорку окуу жайлардын  студенттери менен жолугушуп, окуучуларга ынтымак, биримдик жөнүндө кеп кылуу менен, окуу жайдын жетекчилигине ислам дини тынчтыктын дини экендиги туурасында лекцияларды уюштуруу тапшырмасын берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0